Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 17:22
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

16 унаа, 16 батир, 18 жер тилкеси. Туйгунаалы Абдраимовдун мыйзамсыз байыганы аныкталды (мүлктөрүнүн сүрөттөрү)

20.09.2021 19:19
4724
16 унаа, 16 батир, 18 жер тилкеси. Туйгунаалы Абдраимовдун мыйзамсыз байыганы аныкталды (мүлктөрүнүн сүрөттөрү)


КР УКМК тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында Өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү "А.Т.Д." мыйзамсыз баюу фактылары аныкталганы кабарланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Атайын кызматтын маалымат борбору тараткан маалыматка ылайык, тергөө учурунда, аталган «А.Т.Д.» жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн, мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөндүгү, легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салгандыгы аныкталган. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына каттаган.


Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, "А.Т.Д." жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 уна токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 авто унаа, жана ошондой эле ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган. 


"А.Т.Д." жана анын жакын туугандары активдери, киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланган деп белгиленет маалыматта. 


КР УКМК чогулткан материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктту (мыйзамсыз баюу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталып, бул иштин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканы кошумчаланат.


Маалыматта көрсөтүлгөн инициалдар Абдраимов Туйгунаалы Дүйшөналиевичке дал келет.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Савринса Эже
Ушунча дүйнөнү о дүйнө алып кетем десе керек.
Аширбеков Бектур
Мына ушундай камай берсе бюджет толор