Бугу 08, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

16 жаштагы бала апасын коргойм деп өгөй атасын бычактаган

16 жаштагы бала апасын коргойм деп өгөй атасын бычактаган

Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо конушунда апасын урган өгөй атасын 16 жаштагы бала бычактады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү түндө саат 23:30дар чамасында Улуттук Хирургия бөлүмүнөн чалуу түшкөн. Анда С.Р. аттуу жаран бычакталганы айтылган. 

Ички иштер кызматкери ыкчам чара көрүп, күнөөлүүнү аныктаган. 

Үй-бүлөдөгү келишпестиктен улам 16 жаштагы баланын өгөй атасы апасын урган. Бала чыдай албай өгөй атасына 3 жолу бычак сайган.


Бала туугандарынын үйүнөн кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нур Нуркеева
Мен деле ошого бармакмын, балан түшкүр, таяк менен эле жыга чапбаптыр. Энесин коргойм деп колуна бычак туш келгенин кара я. Аттин аялды урган эркектер, качан токтойт экен.