Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

16 жаштагы кыз кош бойлуу. Эки жылдан бери өгөй кызын зоордуктап келген ата табылбай жатат

30.06.2021 11:55
657
16 жаштагы кыз кош бойлуу. Эки жылдан бери өгөй кызын зоордуктап келген ата табылбай жатат

Кара-Буура районунда 16 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектелген 50 жаштагы адам табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Turmush басылмасына Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева билдирди.


Маалыматка караганда, бүгүн Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө Талас районунун 1986-жылы туулган Н.Т. аттуу аял арыз менен кайрылган.

«Бизге 1986-жылы туулган аял кайрылды. Ал убактылуу Талас районунун тургуну экен. 3 баласы менен биринчи турмушунан ажырашып, Кара-Буура районунун 1971-жылы туулган тургунуна турмушка чыккан экен. Экинчи турмушунан 1 уул, 1 кыздуу болуптур. Биринчи жолдошунан туулган 2004-жылкы кызын экинчи жолдошу 2019-жылдан бери (13 жашынан бери) зордуктап жүрүптүр. Жакында эле кызынын 5 айлык боюнда бар экенин билип калганда ал өгөй атасы экени билинген. Кызы «апана айтсаң 2 иниңди, апаңды, өзүңдү өлтүрөм» деп коркутуп жүргөнүн айткан экен.


Бул тууралуу 20-июнь күнү апасы Кара-Буура РИИБИне арыз жазыптыр. Ошондон бери өгөй атасы качып кетип, учурда жүргөн жери белгисиз болуп жатканын айтууда. Бизге бул ишке көмөк көрсөтүү максатында арыз жазды», - деди ал.


Бул окуяны Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.


«22-июнь күнү саат 20:48 чамасында Кара-Буура РИИБдин 102 кызматына 1986-жылы туулган тургун маалымат берип, кызын өгөй атасы Б.Б. күч колдонуп зордуктап жүрүп боюна бүтүрүп койгонун билдирген. Тергөө оперативдик ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда Б.Б. качып кетип, жүргөн жери белгисиз болуп жаткандыгы аныкталган. Текшерүү учурунда жабырлануучунун апасы кызынын зордукталганын уккандан кийин ошол замат барбай, аймактык милицияга 4-5 күн өткөндөн кийин кайрылганы белгилүү болгон. Зордукталган кыздын апасы шектүү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убакыт өтүп кеткендигин билдирген.


Аталган факты 23-июнда Кара-Буура РИИБде Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмыштын бетин ачуу максатында Б.Б.нын жүргөн жерин тактоо боюнча багыттамалар берилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аны издеп табуу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан атайын күч-каражаттар жумшалып, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», - деп айтылат милициянын маалыматында.


Кыздын апасы окуянын чоо-жайын айтып берип, милиция кызматкерлерине ишенбей жатканын билдирди.


«Менин биринчи турмушум болбой калып, 2011-жылы ажырашканбыз. Ал жерден 2004-жылкы кызым, анан 2 уулум менен келгем. 2014-жылы экинчи жолу Кара-Буура районуна турмушка чыккам. Башында 2 эркек уулум менен барып жашагам. «Деги кабагың ачылбайт. Кызыңды сагынып жатат окшойсуң. Кызыңды өзүбүз менен алып алалы» деп кийинчерээк алып келдик. Ошондо кызым 4-классты аяктап, 5-класска көчкөн. 2015-жылы экинчи жолдошумдан биринчи кызыбыз төрөлдү. Анан уулубуз 2017-жылы туулган.


Балдардын көзүн карап, аябай тили бал эле. Ошон үчүн уруп-сокконуна карабай, бул дагы ажырашып келди дебесин деп жашап келе жаткам. Жолдошум тараптан,кызыма эч кандай аракеттерин көрүп, билген эмесмин. Биринчи жолу эстесем, 2019-жылы кенже уулубуз 2 жашта эле ооруканага түштү. Менин өзүмдүн да жүрөгүм ооруп, «приступ» болот. Уулубуздун дагы жүрөгүндө дарты бар экен. «Тезинен операция жасабасаңар аман калбайт» дешти. Биз тез арада мал сатып, Кореяга операцияга алып кеттим. Ал жакта 1 айга жакын убакыт жүрүп келдик. Балабыздын операциясы ийгиликтүү аяктап, үйгө келгенбиз.


Келип эле адаттагыдай уй саайм деп чыктым. Кийимим кир болбосун деп сарайда эски кийимдер турат, ошону алдым. Алсам эле ичинен жолдошумдун ак көйнөгү түшүп кетти. Оролуп жаткан экен. Ачсам «розовый» кан болгон тагы бар экен. Мен аны көрүп эле жүрөгүм кармап калды. Күйөөм үйгө көтөрүп кирип, суу чачып тургузушту. Мен андан эмне деп сурасам «меники эмес, билбейм» деп койду. Кызым дагы билбейм деп жооп берди. Ал кезде кызымдын этек кири келе элек болчу. 13 жаштагы кичинекей кыз эле.


Мурун жакшы окуган кызым акыркы жылдары шылкыйып эле эч нерсеге көңүлү жок калды. Мен бул үйдөгү уруштардан улам го деп ойлоп койчумун. 1 жылдан бери этек кири келе баштаган. Мен ай сайын көзөмөлдөп, керектүү нерселерин алып берип жаткам. Бир дагы мен шекший турган эч нерсе болгон жок. Мен мына 10 күн мурун эле билип отурам. Төркүнүмө барып, элдин жерин чаап иштеп жүргөнбүз. Мен кызымды анан уулумду алып, талаада иштегени чыгып жүргөнбүз. Ал акчанын баары өзүбүздүн талааны иштеткенге кетип жаткан.


Кечинде жеңем менен отурганбыз. Анан кошуна келин, ич кийим сатып келди. Кызыма да төшүнө алып берейин деп, «башка бөлмөгө кирип кийип кел» дедим. Келгенде жеңем «бул кыздын төшү бат чоңоюп кетиптир, айрылып кеткен го. Боюнда барда ушундай болот го» деп айтты. Мен ар бир айда текшерип жатам деп өзүмө ишенип, «жеңе чоңоюп жатат» деп айтып тим болдук. Бирок ичим өзүнөн-өзү бук болуп, түнү менен уктай албай келме айтып, тынчсызданып чыктым. Эртең менен туруп эле төшөгүн ачып карадым. Карасам эле курсагы чыгып турат. Мындай жүргөндө таңып алчу экен. Төшү да чоң болуп, семиргендей эле көрүнчү. Ал эми ошол учурда так даана көрдүм. Буга жеңем дагы күбө болду. «Мага эмнеге айтпайсың?» деп жиним келди. Ичимденкантип байкаган жокмун деп да өзүмдү жеп жаттым. «Ким кылды?» деп кыйкырсам, жооп бербей эшикке чыгып кетти. Жеңем эшиктен алып келди. Анан «атаңбы?» деп кыйкырсам, «ооба» деп бакырып ыйлады.


Көрсө ал 2019-жылдан бери кызымдын 13 жашынын бери мен үйдө жок кезде ыплас ишин кылып жүргөн экен. «Эмнеге айткан жоксуң десем, «Айтсаң сени, 2 иниңди, апаңды кошуп өлтүрүп коём» деп коркутчу экен. Мунун баарынан кийин өзүмө келе албай жатам. Бирин эстесем, бирин унутуп коём.


Мен 20-июнь күнү Кара-Буура РИИБге арыз менен кайрылдым. Ошол күнү айылда эле жүргөнүн айтышууда. Бирок милиция бүгүнкү күнгө чейин таба албай жатат. Мен милицияга ишенбей жатам. Бул жерде өздөрү жаап жашырып да коюшу мүмкүн деп ойлоп жатам. Азыр жолдорум ушундай торолуп турат. Кызымдын жанында такай болбосом, өзүн-өзү бир нерсе кылып коёбу деп корком. Андан башка 4 балам бар. Аларга да оокат керек.


Анан ушул күч органдарынан суранарым тезинен кармап, өзүнүн жазасын алса дейм. Анткени бул жерде баарыбыздын өзгөчө кызымдын коопсуздугу кооптуу болууда», - деди ал.


Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн