Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

16 жаштагы кызды бир нече жолу зордуктап жүргөн 29 жаштагы жаран кармалды

16 жаштагы кызды бир нече жолу зордуктап жүргөн 29 жаштагы жаран кармалды



   Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 1992-жылы туулган Т.Д. аттуу жаранды кармашты. Ал 18-майдан 19-майга караган түнү Кызыл-Кыя шаарынан күч менен 2003-жылы тууган кызды Ош шаарына алып келип, машинасында кармап отурган кезде кармашты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдирди.


    Алгачкы тергоо иштери көрсөткөндөй, бул шектүү 2003-жылы туулга кыз менен кыз-жигит болуп жүрүшүп, 2019-жылы эле бир нече ирет зордуктаган. Андан соӊ анын эркине каршы, «сени зордуктаган учурду видеого тартып алгамын» деп коркутуп, өз эркине каршы бир нече жолу зордуктап жүргөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Милицияга арыз жазуудан корккон. Ал убакта жабырлануучу болгону 16 жашта болгон. Жабырлануучу бул көрсөтмөлөрдү шектүүнү камай турган болсо гана бере ала турганын айтып берген. «Камабасаӊар менин берген көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан коркком» деп билдирген. 

   18-май күнү шектүү 1992-жылы туулган Т.Д. Кызыл-Кыя шаарынан жабырлануучу кызды коркутуп, кыздын эркине каршы өз автомашинасына салып, түнү Ош шаарына келген. Жолдо аны коркутуп, урган. Телефонун талкалап салган. Негизинен шектүү кызды кызганып, «башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени бербейм эч кимге» деп кызганып урган. 19-май күнү эрте менен саат 09.00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныкташып, автомашинада отурган жеринен кармашкан. Учурда КР жазык кодексинин «Адам уурдоо» беренеси (170-берене)менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт. 

       Шектүү 1992-жылы туулган. Роосия Федерациясында жүрүп келген. Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну.  

      Жабырлануучу 2003-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарында окуу жайлардын биринде окуйт.

Сүрөттө:кармалган шектүү 


 

      

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн