Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

16 жаштагы кыздын зордукталышы. Шектүү СИЗО-1ге киргизилет

07.12.2021 11:13
736
16 жаштагы кыздын зордукталышы. Шектүү СИЗО-1ге киргизилет

Сокулукта өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран СИЗО-1ге киргизилет. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, шектүү Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге жөнөтүлөт.


Эскерте кетсек, 2021-жылдын 5-декабрында Сокулук районунун ИИБне белгисиз бирөө 16 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктаганы тууралуу маалымат келип түшкөн.


Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кыздын атасы арыз менен кайрылып, анда ал 2021-жылдын 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз адам Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, аны зордуктап салганын билдирген.


Чүй облустук ИИББнын жана Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.


Белгилеп кетүүчү жагдай, окуя болгон күнү 5-декабрда Сокулук районунун айылдарынын биринин жашоочулары жогорудагы окуя боюнча болжол менен 50дөй киши Сокулук РИИБнин имаратынын алдына чогулушкан. Алар менен Сокулук РИИБнин жетекчилиги жолугуп, жогорудагы кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берип, ал иш көзөмөлдө турганын айтып, мыйзам чегинде тергөө иштери жүргүзүлөрүн билдирген соң, чогулгандар таркап кетишкен.


Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү иштери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн