17-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус илдети дагы 23 кишиден чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн бирифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы учурлар, Бишкек шаарында – 14, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 2, , Ысык-Көл облусунда – 2 адам. Жаӊы катталган учурларда 15 аял, 8 эркек киши бар.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 489га жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн