17-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 603 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 300;
Чүй облусу - 83;
Ош шаарында - 67;
Ош облусу - 42;
Жалал-Абад облусу - 48;
Ысык-Көл облусу - 6;
Талас облусун - 5;
Баткен облусу - 53.
Муну менен республика боюнча жалпы 13 102 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 86 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын жалпы саны 3 821 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн