Президент Садыр Жапаров 17-майда Кумтөр маселеси боюнча Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөйт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
"Ар бир өкмөт Кумтөрдүн эсебинен бюджетке каражат өндүрүүгө аракет кылат. Буга чейин комиссиялар түзүлүп, кылмыш иштери козголуп, алар улутташтыруудан чочулашкан. Бардыгы “Центерранын” сүйлөшүү столуна отуруп, бир аз акчага макул болуу менен аяктаган.
Эми бийлик Кумтөрдөн болушунча көбүрөөк алуу үчүн бардыгын жасап жатат. Эң башкысы, жакшы кылам деп жатып жаман кылып албаш керек. Болбосо, Кумтөргө Кытайдын же Россия Федерациясынын инвесторлорун тартуу керек болот",- деп билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн