Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:04
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

17-январдан тарта Россиядагы мекендештер айдоочу күбөлүгүн алмаштырса болот

13.01.2022 10:31
1572
17-январдан тарта Россиядагы мекендештер айдоочу күбөлүгүн алмаштырса болот

17-январдан тарта Кыргызстандын Россиядагы өкүлчүлүгү жана консулдук мекемелери Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн каттоо (алмаштыруу) маселелери боюнча жарандарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.


Айдоочулук күбөлүктү алмаштырып берчү мекемелер:


- Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу;

- Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугу;

- Элчиликтин Владивосток шаарындагы канцеляриясы;

- Элчиликтин Иркутск шаарындагы канцеляриясы;

- Элчиликтин Красноярск шаарындагы канцеляриясы;

- Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы;

- Элчиликтин Сургут шаарындагы канцеляриясы;

- Элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясы;

- Элчиликтин Якутск шаарындагы канцеляриясы.


"Москва шаарындагы элчиликте кабыл алуу шейшемби жана бейшемби күндөрү алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.


Кабыл алууга жазылуу үчүн [email protected] электрондук дарегине төмөндөгүлөрдү көрсөтүү менен арыз жөнөтүшүңүз керек:


- Аты-жөнү;

- Туулган айы, жылы, күнү;

- Арыз берүүчүнүн байланыш телефондору;

- Арыз берүүчүнүн Россиядагы дареги (область/шаар);

- Кайрылуу себеби (жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу айдоочунун күбөлүгүн алмаштыруу, анын ээсинин жеке маалыматтарын өзгөртүү, бузулуу же жоготуу).


Бул маалыматты камтыбаган арыздар каралбай турганы эскертилди.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Теги

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Жолборсов Мурат
Права алмаштырыш керек
Мартбек уулу Азамат
Менин айдоочулук куболугум жок болгондуктан алмаштыруу керек моонот кылдыруу керек
Мартбек уулу Азамат
Права алмашуу керек
Сатаев Исламбек мелибекович
Менин айдоочулук күбөлүгүм мөөнөтү жок болгондуктан мөөнөт кылдыруу керек.