Ысык-Көл облусунда 17 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүү окуясы коомчулукта кеңири талкууланып жатканына байланыштуу Жогорку соттун басма сөз кызматы шектүү катары кармалган А.К.К.га карата мурда чыгарылган сот өкүмдөрү боюнча түшүндүрмө берди.
Расмий маалыматка ылайык:
- 2006-жылдын 8-ноябрындагы Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өкүмү менен А.К.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) 167-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Тоноо") көрсөтүлгөн кылмышты жасаган деп табылып, мамлекет пайдасына 5 000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып пул төлөө жаза чарасы дайындалган.
- 2016-жылдын 11-февралындагы ошол эле соттун өкүмү менен А.К.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдын 1-октябрындагы редакциясы) 28-97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8 жана 11-пункттарында ("Адам өлтүрүүгө аракет кылуу") көрсөтүлгөн кылмышты жасаган деп табылып, күчөтүлгөн тартиптеги абакта 12 (он эки) жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган.
- 2016-жылдын 12-майындагы Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Октябрь райондук сотунун 2016-жылдын 11-февралындагы өкүмү өзгөртүлгөн. А.К.К. төмөнкү кылмыштарды жасаган деп табылган:
- КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту ("Каракчылык") боюнча – мүлкүн конфискациялоо менен 6 (алты) жылга эркинен ажыратуу;
- КР Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин 1-бөлүгү ("Адам уурдоо") боюнча – 3 (үч) жылга эркинен ажыратуу.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесине ылайык, кылмыштардын жыйындысы боюнча А.К.К.га акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 7 (жети) жылга эркинен ажыратуу дайындалган. Калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган.
А.К.К. сот тарабынан дайындалган жазасын өтөгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн