Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

17 жаштагы бала өз энесине 118 жолу бычак сайган

15.12.2020 18:08
1093
17 жаштагы бала өз энесине 118 жолу бычак сайган

Улуу Британияда 17 жаштагы өспүрүм өз энесин муунтуп, 118 жолу бычак сайган. Андан кийин, ал өзгөчө кырдаалдар кызматына чалып, денени салуу үчүн баштык алып келүүсүн суранган. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда орус маалымат басылмалары жазып чыгышты.


Маалыматка ылайык, өспүрүм апасын муунтуп, андан кийин анын эс-учун жоготконуна көзү жеткенде, башына 38, моюнуна 64, колуна 16 жолу бычак сайган. Андан кийин, полиция кызматкерлеринин айтымында, ал 999 номерине чалып, жайбаракат, токтоо үн менен сүйлөгөн. “Мен жөн эле апамды өлтүрүп салдым. Аны муунтуп өлтүрүп, ар кандай бычактар ​​менен жана башка бир нерсе менен сайдым” – деп айткан.


Бул окуя ушул жылдын июль айында болгон, бирок сот отуруму кечээ, 14-декабрда өттү. Сот отуруму октябрь айында өтүшү керек болчу, бирок белгиленген күндөн бир нече күн мурун, өспүрүмдүн жансыз денеси психиатриялык оорукананын бөлүмүндө табылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн