Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

17 жаштагы кызын зордуктоого шектелип жаткан ата үй камагына чыкты

27.04.2021 16:50
885
17 жаштагы кызын зордуктоого шектелип жаткан ата үй камагына чыкты

Өзгөн районунда өзүнүн 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелип жаткан ата үй камагына чыкты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди. 


Маалым болгондой, кызга карата кайрадан соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Жыйынтыгын  Ош шаардык экспертиза жарыялайт. 

Ош облустук милициясы аталган маалыматты тастыктап, кызга жүргүзүлгөн биринчи экспертизада кыздын зордукталганы боюнча белги табылган эмес. 

"Кайрадан жүргүзүлгөн экспертизанын натыйжасы чыкса, ошого жараша шектүүгө карата юридикалык баа берилет. Биринчи экспертизанын жыйынтыгы боюнча кыз зордукталган эмес",- деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн