Бүгүн, 18-август күнү куткаруучулар сууга чөгүп кеткен 5 адамды издөөдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунда 10-август күнү Патрис Лумумба көчөсүндө ЧЧК 2015-жылы туулган бала чөгүп кеткен. 17-август күнү издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 20 куткаруучу тартылган.
Ошондой эле Свердлов районунда 15-август күнү Учкун кичи районунда ЧЧК 2007-жылы туулган бала чөгүп кеткен. 17-август күнү издөө иштерин улантуу үчүн 5 куткаруучу тартылган.
Мындан сырткары, Биринчи Май районунда 16-август күнү Ленская көчөсүндө ЧЧК эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн (аты-жөнү такталууда). 17-август күнү издөө иштерине 4 куткаруучу тартылып, саат 20:20да издөө иштери убактылуу токтотулган.
Аламүдүн районунда 15-август күнү Аламүдүн суусуна 1 аял киши түшүп кеткен. 17-август күнү издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 28 куткаруучу тартылган.
Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылында Чу дарыясына чөгүп кеткен 7 жаштагы бала табыла элек. 17-август күнү издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 18 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылган.
Алардын баарын бүгүн, 18-август күнү издөө иштери улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн