18-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 95 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы катталгандардын 36 учуру кайдан жууктурганы белгисиз.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаары – 49;
Ош шаары - 7;
Чүй облусунда - 14;
Ош облусу - 7;
Баткен облусунда - 1;
Талас облусунда - 4;
Жалал-Абад облусунда - 6;
Нарын облусунда - 7.
Муну менен республика боюнча жалпы 2657 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 32 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 1933 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн