Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

18 миң долларлык унааны алып, акчасын бербей жүргөн жаран кармалды

29.09.2021 10:33
605
18 миң долларлык унааны алып, акчасын бербей жүргөн жаран кармалды

18 миң долларлык унааны алып, акчасын бербей жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.


Окуя май айында Сухэ Батор көчөсүндө болгон. Асел (ысымы өзгөртүлдү) 18,5 миң долларга бааланган «Лексус ES250» автоунаасын сатып алууга келишип, акчасын кийинки күнү берүүнү убадалаган. Бирок каражатты убагында бербегендиктен жабырлануучу милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган.


Алдамчылык фактысын иликтөө учурунда Октябрь РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1981-жылы туулган Т.А. шектелип кармалды.


Сүрөттөгү шектүүдөн жабыркагандар болсо, милиция кызматкерлерине 0 (551) 102-180, 0 (702) 106-020 номурлары жана «102» кызматы аркылуу байланышса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн