Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

18 жаштагы кызды Талас тарапка ала качкандар "Сосновкадан" кармалды

03.11.2021 08:59
446
18 жаштагы кызды Талас тарапка ала качкандар "Сосновкадан" кармалды

18 жаштагы кызды ала качып бара жаткан жигиттер «Сосновка» постунан  кармалды. Алар 2-ноябрь күнү түнкү саат 22:00 чамасында   Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кызуу кызматынын №5 взводунун инспекторлору тарабынан суралып кармалган.


Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Аламүдүн районунан 2 жаш жигит 2003-жылы төрөлгөн кызды болжол менен Талас облусу тарапка алып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. «Перехват» планы жарыяланып, «Сосновка» постундагы инспекторлор «Лексус» автоунаасын токтотушкан. Автоунаанын ичиндеги 2 жаш жигит жана жаш кыз суракка алынып, анын жүрүшүндө кызды күч менен ала качып бара жатышканы белгилүү болгон.


Алар андан ары териштирүү иштерин жүрүзүү үчүн Жайыл РИИБге жеткирилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн