Бугу 09, 2024
Убакыт: 05:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

18 жаштагы жаран Кыргызстанга 800 миң сомдук контрабанда алып кирип жаткан учурда кармалды

18 жаштагы жаран Кыргызстанга 800 миң сомдук контрабанда алып кирип жаткан учурда кармалды


Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан бүгүн, 8-майда контрабандалык жүктөрдү мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүү фактысы катталды.


Башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мамай аймагында өткөрүү пунктунун чек арачылары тарабынан 2003-жылы туулган М.А. аттуу кыргыз жараны башкарып бара жаткан Subaru-Forester үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, текшерүүнүн натыйжасында 20 куту тамекисиз никотин каптарын Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташып келе жатканы белгилүү болгон.


Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган контрабандалык жүктүн баасы 800 миң сомду түзөт.


"Тиешелүү документтер каттоодон өткөндөн кийин, кармалган адам жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн