Республиканын аймагында бүгүн, 19-апрелде саат 8:00гө карата жаңы 48 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Жаңы катталгандар:
Ош облусунда – 7,
Ош шаарында – 9,
Нарын облусунда – 11,
Чуй облусунда – 2,
Жалал-Абад облусунда – 9 (Сузак району – 5, Ала-Бука району – 4),
Бишкекте – 9.
Анын айтымында, муну менен Кыргызстанда жалпы 554 учурга жетти. Жаңы жуктургандардын 18и дарыгерлер.
Оор абалда жаткандар 16 адамды түзөт. Ал эми ооруканадан бүгүнкү күнгө карата 3 адам чыгарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн