Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

19-июнь: COVID-19дун жаңы 132 учуру катталып сутканын рекорддук көрсөткүчү болду

19.06.2020 10:13
1010
19-июнь: COVID-19дун жаңы 132 учуру катталып сутканын рекорддук көрсөткүчү болду


19-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 132 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жаңы катталган 132 бул сутканын рекорддук көрсөткүчүнө жетти. Буга чейин бир сутка ичинде эң көп деп 100 учур катталган болчу.  


Жаңы учурлар:


Бишкек шаары – 48;

Ош шаары - 13;

Чүй облусунда - 38;

Ош облусу - 12;

Талас облусунда - 4;

Жалал-Абад облусунда - 11;

Нарын облусунда - 6.


Муну менен республика боюнча жалпы 2789 учур катталды.

 

Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 28 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 1961 адамга жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн