Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 21:48
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

19 тонна помидорду аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

19 тонна помидорду аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аткезчилик ишмердүүлүктү аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Баткен облусунда помидор аткезчилигине бөгөт койду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылы 27-мартта “Жаңы-Жер” чек ара өткөрмөсүнүн жана УКМКнын Чек ара кызматынын Отдела оперативдик иш башкармалыгынын чек арачыларынын жардамы менен Баткен райондук сотунун санкциясына ылайык, “Шоро” май куючу жайынын кампасына тинтүү жүргүзгөн.

Тинтүүнүн жыйынтыгында, кампанын аймагынан памидор жүктөлгөн КРнын жарандары Р.С.Х. жана К.А.Р.га тиешелүү чиркегичи менен «Volvo» жана коңшу өлкөнүн жарандары А.А. жана С.М.га тиешелүү болгон «Mercedes-Atego» маркасындагы автоунааkfh табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, аткезчилик жүктүн жалпы салмагы 19 тоннаны түзөт.

Коңшу өлкөнүн кармалган жарандары Баткен райондук Ички иштер органынын убактылуу камак жайына киргизилди.

Кыргыз автоунаасынын айдоочуларына карата тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгында алардын иш-аракеттерине карата юридикалык баа берилет.

Иштин материалдары КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган кылмыш белгиси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда иш боюнча фактылык жагдайларды жана ага катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн