Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

19 жаштагы келиндин төрөттөн кийинки өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

13.01.2023 13:27
684
19 жаштагы келиндин төрөттөн кийинки өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Ысык-Ата районундагы төрөт үйүндө төрөгөндөн кийин каза болгон 19 жаштагы келиндин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бермет Барыктабасова билдирди.


Маалым болгондой, 12-январь күнү төрөт үйдө милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн. Укук коргоо органдары каза болгон келинге тиешелүү документтерди талап кылган.


19-жаштагы келиндин каза болушу тууралуу анын туугандары арыз менен кайрылган. Мындан улам кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кенжегул
Кудайдан корксонор боло врачтар менен милицияларга акча болсо эле болду карашпайт. Соттолчулар соттолсун каралсын бул иш.