Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

19 жаштагы кыз 2 жаштагы наристени уурдап бара жаткан жеринен кармалды

14.08.2020 15:31
1316
19 жаштагы кыз 2 жаштагы наристени уурдап бара жаткан жеринен кармалды


Ысык-Көлдө 2 жашар наристени уурдап бара жаткан 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-август күнү Бостери айылындагы милиция бөлүмүнө Чүй облусунун Селекция айылынын 34 жаштагы С.Ч. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал көл жээгиндеги “Борбор” эс алуу жайына караштуу аймактан эки жашар кызы жоголгонун айткан.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө наристени Бишкекти көздөй бара жаткан микроавтобустан табышкан. Аны 19 жаштагы Бишкектик кыз алып бара жатканы аныкталган. Ал өз көрсөтмөсүндө кичине кызды көл жээгиндеги кумда кароосуз калган жеринен көрүп милиция бөлүмүно алып бара жатканын айткан.

Бирок наристенин апасы менен шектүүнүн көрсөтмөлөрү эки башка чыгып, “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө башталган.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн