Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 04:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

1992-жылы Төрөбай Зулпукаров болгону 18 жаштагы бала эле...

24.08.2021 10:43
1613
1992-жылы Төрөбай Зулпукаров болгону 18 жаштагы бала эле...


Тээ башында эле "Кумтөрдүн" алтыны кыргызга кызмат кылбай, бир ууч топтун кулкунуна куюлуп тургандай арам ойлор менен башталганы ырас. Кылымдын афёрасынын "тушоосу кесилип" жаткан 1992-жылы Төрөбай Зулпукаров болгону 18 жаштагы бала эле. Ошол жылдан тартып "Кумтөр" бир ууч адамдардын, канадалыктардын кызыкчылыгы үчүн иштеп келди.


Союздан калган чарбаны жөндөп кете албаган, мал чарбанын, айыл чарбанын, өнөр-жайдын таш-талканын чыгарган, эл ээрчиген идеология таппай мамлекеттин, улуттун эртеңкисин туңгуюкка кептеген, элдин пейилин бузуп шайлоолордо добуш сатуу "салтын" киргизген, Кыргызстандын азыркы ит минген жашоого келип калышына жол чапкан Аскар Акаев алтын афёрасында ак болсо, анда азыркы бийлик Төрөбай Зулпукаровду түрмөдө камап отурганга моралдык укугу жок. "Биз күнөөлүүбүз, бирок иштин мөөнөтү эскирип кетти" деген жылма шылтоо менен кыргыздын ырыскысына арам колун салган, каймактуу жерлердин баарын калпып жегендер, А. Акаевден тартып мурдагы өкмөт башчы, тиешелүү жетекчилердин баары колдон суурулуп чыгып, эркиндикте жүрүшөт.


Ооба, убагында Садыр Жапаров "Кумтөр" боюнча туура маселе көтөрүп, бирок ошол кездеги Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары бийликтин позициясын колдоп токтомго добуш беришкен. Эгерде берген добушу үчүн катардагы эле депутатты камакка алчу болсок, анда добуш берген 64 депутаттын баары, токтомду даярдагандар Төрөбай Зулпукаровдун жанында отурушу керек эле. Бул тандалма саясат.


Урматтуу президент, сиз камакта отурганыңызда бийликке кылчактабай "Садыр Жапаров негизсиз камалды, анын күнөөсү жок" деп айтып келген саналуу эле адамдардын катарында мен да болгом. "Ошондо эле чыгарып койсом болмок экен" деп ошол кездеги эл башылар азыр өкүнүп отурушкандыр. Сиз да кийин өкүнүп калбашыңызды тилейм.
"Бейкүнөө зулумдук көргөн пенденин дубасы түз тиет. Жараткан аны пенденин өмүрү өткөнчө сөзсүз ишке ашырат" деп айтылат. Түбөлүктүү эч нерсе жок, сиз ажолук вазийпаңызды өкүнүчсүз, жагымдуу иштер менен аякташыңызга тилектешмин.


Улукбек Кочкоров, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн