Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:18
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

2-3- жана 4-май иш күндөрү деп жарыяланды

01.05.2020 11:39
1195
2-3- жана 4-май иш күндөрү деп жарыяланды


Айрым мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2- 3- жана  4-май иш күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

 

Бул чечим өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды ыкчам кабыл алуу жана Кыргызстандын экономикасынын башка тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.

 

Ошондой эле, аталган документте көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн