Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:21
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

2-3 жылдын ичинде Бишкекти да, Чүйдү да суу менен камсыз кылуу маселесин толугу менен чечебиз,- Жапаров

04.07.2023 10:19
357
2-3 жылдын ичинде Бишкекти да, Чүйдү да суу менен камсыз кылуу маселесин толугу менен чечебиз,- Жапаров


«Бизге убакыт бергиле, 2-3 жылдын ичинде борборду дагы, Чүй облусун дагы суу менен камсыз кылуу маселесин толук чечебиз», - деди министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик аппараттын жетекчиси Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок жана Селекционное айылдарынын тургундары менен жолугушуу учурунда.


«Мен көйгөй менен жеринде таанышуу үчүн атайын келдим, аны чечүүнүн жолдору бар, биз бул багытта иштеп жатабыз. Убакыт бергиле, 2-3 жылдын ичинде борборду дагы, Чүй облусун дагы суу менен камсыздоо маселесин толук чечебиз”, - деди Акылбек Жапаров.


Ал Бишкек шаарынын мэриясына бул айылдарга бир жуманын ичинде график боюнча суу берүү маселесин чечүүнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн