Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:41
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

2-апрель күнү Бишкекте жалпы ишембилик өтөт

30.03.2022 13:18
529
2-апрель күнү Бишкекте жалпы ишембилик өтөт

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров тургундарды 2-апрель күнү өтө турган жалпы ишембиликке чыгууга чакырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Мэрия ар бир адам сүйүктүү шаарына убактысын арнап өзүнүн короосун, кеңсесин тазаласа шаар кадыресе тазара түшөрүн белгилеген.


"Шаардык кызматтар ишембиликке даяр. Ал эми "тазалыкчылар" топтолгон таштандыны убагында чыгарып турууга милдеттүү. Мындан тышкары, "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында бак тигүүгө дагы басым жасалат", — деп айтылат маалыматта.


Мэрия топтолгон таштанды менен жалбырактарды өрттөөгө тыюу салынарын айтып, таштандыдан чыккан түтүн адамдын ден соолугуна зыян экенин эскертти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн