2-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 526 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 211;
Чүй облусу - 231;
Ош шаарында - 19;
Ош облусу - 6;
Нарын облусу - 3;
Жалал-Абад облусу - 27;
Ысык-Көл облусу - 1;
Баткен облусу - 18.
Муну менен республика боюнча жалпы 6261 учур катталды.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде ооруканадан 87 бейтап чыгарылган. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күнгө чейин илдеттен айыккандардын саны жалпы 2530 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн