Бүгүн, 2-июлда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.
Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;
Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 26…31;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 30…32 градус болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн