Бүгүн, 2-майда республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 13 учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, илдетти жуктургандардын арасында 2 дарыгер бар.
Жаңы катталгандар:
Бишкек ш. – 3;
Ош ш. - 2;
Ош облусу - 1;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу - 2;
Нарын облусу - 1.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 769га жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн