Тогуздун айы 29, 2025
Убакыт: 22:57
USD
87.30
87.80
EUR
101.40
102.40
RUB
1.090
1.125

Тибет монахтарынын айтымында, үч коркунучтуу нерсе бар. Алар: сулуулук, атак-даңк жана байлык

29.10.2025 20:11
40
Тибет монахтарынын айтымында, үч коркунучтуу нерсе бар. Алар: сулуулук, атак-даңк жана байлык


Жакшылыктын үрөнүн сепкен киши атак-даңктын түшүмүн жыйнайт.

(Леонардо да Винчи)


Атак-даңктын кубанычы бат эле тарайт. Башкы сыйлык сени көчөдө баары тааныганында эмес, сенин тасмаларың сен өлгөндөн кийин да жашап калганында.

(Леонардо Ди Каприо) 


Атак-даңк деген эмне? Жалгыздык.

(Коко Шанель) 


Атүгүл атак-даңка каршы трактаттарды жазган философдор да китепке өздөрүнүн аттарын жазганды унутушкан эмес.

(Марк Туллий Цицерон)


Кыздар көбүнчө атагы жаман жигиттерге кызыгышат. Себеби, сүйүүм менен аны оңдоп-түзөп алам деп ойлошот. 

(Агата Кристи) 


Мен жөнүндө ушак-айыңдар, жалган сөздөр көп айтылат – бул атак-даңктын куну.

(Криштиану Роналду)


Чабал кишилер атак-даңкты кербезденүү, короздонуу деп түшүнүшөт.

(Брюс Ли)


Өмүр кыска, бирок атак-даңк түбөлүк болушу мүмкүн. 

(Марк Туллий Цицерон) 


Атак-даңктын зыяны эмнеде, билесиңерби? Аябай каалап турсаң да супермаркеттен бирдеке уурдай албайсың.

(Джим Керри) 


Атак-даңк – кулоонун эң жогорку чеги.

(Михаил Сафарбекович Гуцериев) 


Атак-даңкым ашкан сайын келесоо болуп баратам. Атактын эрежеси өзү ошондой болсо керек.

(Альберт Эйнштейн)


Өлүмгө айла жок болгон соң жок дегенде атак менен өлүш керек.

(Эзоп) 


Мен табигаттын чен-өлчөмү боюнча да, атак-даңктын чен-өлчөмү боюнча да узак жашадым.

(Гай Юлий Цезарь) 


Тибет монахтарынын айтымында, үч коркунучтуу нерсе бар. Алар: сулуулук, атак-даңк жана байлык.

(Брэд Питт) 


Атак-даңк бир эле учурда ак бата дагы, каргыш дагы.

(Билл Каулитц) 


Атак-даңк деле жешилет.

(Наполеон I Бонапарт)


Мен эң жамандарга салыштырмалуу жакшы деле эмесмин, бирок Кудайга шүгүр, эң жакшылардан кем деле эмесмин.

(Уолт Уитмен) 


Атак-даңкка умтулуу – бул өзүңө окшогондорго жагынуунун эле айласы.

(Клод Адриан Гельвеций)


Атак-даңк кызык эле нерсе. Адамдар сен өзүң көрбөгөн, көбүнесе дегеле сенде жок нерселерди көрө башташат.

(Бенедикт Камбербэтч)


Атак-даңк менен бейпилдик эч качан бир төшөккө жата алышпайт.

(Мишель де Монтень) 


Атак-даңк – бул сени өтмүшкө тарткысы келген тузак. Келечек менен жашаш керек.

(Илья Кормильцев) 


Тирүү кезиңдеги атак-даңк – өлүм, өлгөндөн кийинки атак-даңк – тирүүлүк.

(Андрей Владимирович Лаврухин)


Ар бир адамга өмүрүндө бир жолу 15 мүнөттүк атак-даңк келет.

(Энди Уорхол)


Эгер “ала кушту атынын чакырып”, чындыкты айтышканда, Цезарь да өзүнүн атак-даңкынан уялмак.

(Джордж Гордон Байрон)


Эмгек – бул жаза эмес, ал сыйлык, атак-даңк жана ырахат.

(Жорж Санд) 


Эгер киши өлгөндөн кийин атагы өчүп калса, анда ал чыныгы атак эмес, убактылуу баш айлануудан улам эле пайда болгон бирдеке.

(Артур Шопенгауэр)


Аялдардын көбү популярдуулугу азая баштаганда атак-даңкын кайра көбөйтүү үчүн кийимдерин чечип, жылаңачтанып киришет. Мен эч качан мындай кылбаганга ант берем. 

(Эми Ли)


Атак-даңкка даяр кишиге атак-даңк эч качан келбейт.

(Саша Грей) 


Эгер сен атак-даңкка өзүңдүн ким экениңди түшүнбөй туруп жетсең, атак-даңк сенин ким экениңди көрсөтүп коёт.

(Опра Уинфри) 


Күлүк аттын атагы дайыма чабандеске тийет.

(Эмиль Кроткий)


Атак-даңк – бул бал аары. Анын ыры бар, анын ийнеси бар, ах, анын канаты да бар.

(Эмили Дикинсон) 


Атак-даңк бир эшикти ачканы менен башка эшиктерди жаап коёт.

(Роберт Паттинсон)


Эгер кимдир бирөө “атактуу, бай болгон жаман экен” деп даттанса, ишенбегиле. Калп эле ошентип коюшат.

(Линус Торвальдс) 


Алкоголь, баңгизат, атак-даңк, акча – мунун баары сыноо. Эгер сен ушулардын баарынан өтүп, адам бойдон калсаң, демек, сен сынактан өтүпсүң.

(Роджер Дэвид Гловер)


Даярдаган: Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн