Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

2-майдагы селден Лейлек району 55 млн сомдон ашуун зыян тартты

06.05.2020 10:57
1013
2-майдагы селден Лейлек району 55 млн сомдон ашуун зыян тартты


Лейлек району 2-майдагы селден 55 млн 296 миң сом зыян тартты. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 3-май күнү унаа жолдордо каттам калыбына келтирилген.


Исфана шаарына таза суу, бардык айылдарга электр энергиясы берилип, айрым аймактарда сугат суу бурулган.


Ал эми 5-май күнү Лейлек районунда кайрадан сел жүрүп Маргун, Ак-Суу, Бешкент,Сумбула айыл аймактарынын жана Исфана шаарында буга чейин тазаланып жаткан жол, сугат канал, арыктарды, жолдорду кайрадан кум шагылга толтуруп, айдоо жерлерди зыянга учураткан.


Учурда кайрадан калыбына келтирүү жумуштары башталып, чыгымдар эсептелип жатканы айтылат

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн