Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:36
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

«Унаа» мекемесинин директорунун жардамчысы пара менен кармалды

03.09.2020 17:28
941
«Унаа» мекемесинин директорунун жардамчысы пара менен кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан  коррупциялык схема уюштурганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. 


Маалыматка караганда, ал кызматкерлер аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен эмгек келишимин тоскоолдуксуз узартып берүү үчүн акча талап кылышкан.


Бүгүн, 3-сентябрдагы иш-чаранын жүрүшүндө мекеменин директорунун жардамчысы Ы.Р.Р. өзүнүн иш бөлмөсүндө 2000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.


"Учурда сотко чейинки өндүрүштүк иш-чаралар жүргүзүлүп, "Унаа" мекемесинин башка кызматкерлеринин аталган коррупциялык схемага тиешеси  барбы, жокпу текшерилип жатат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн