Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

№2 үй-бүлөлүк медицина борбору 840 миң сомду бир айда төлөш керек

21.05.2021 14:44
1063
№2 үй-бүлөлүк медицина борбору 840 миң  сомду бир айда төлөш керек

 №2 үй-бүлөлүк медицина борборунда жараксыз абалга келген «Спутник V» вакцинасынын 994 дозасы 840 мин сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева “Оор күндүн кечи” берүүсүндө түз эфир учурунда билдирди.


Бишкек шаардык мэриясы  келтирилген чыгым №2 ҮМБ жетекчилиги жана жооптуу адамдары тарабынан төлөнөрүн белгиледи.

“Бул вакциналардын ар бири мамлекетке 20 долларга жакын суммага сатылып келген”,-деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматынан.

Ал эми Республикалык иммунопрофилактика борборунун башчысы Гүлбара Ишенаписова аталган медицина борбору бир айдын ичинде жараксыз болуп калган Sputnik V вакцинасынын ордун толтурушу керектигин айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн