Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 17:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.00
94.00
RUB
0.890
0.930

20-август: COVID-19 менен пневмониянын 182 учуру катталып, 289 бейтап айыкты

20.08.2020 11:18
926
20-август: COVID-19 менен пневмониянын 182 учуру катталып, 289 бейтап айыкты


Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 182 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-августтагы брифингде билдирди. 


Анын маалыматына караганда, бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 289 адамды түздү. 


Жаңы аныкталган учурлар: 


- Бишкек шаарында - 23

- Ош шаарында – 7

- Чүй облусунда – 23

- Ош облусунда - 20

- Талас облусунда – 9

- Нарын облусунда – 6

- Ысык-Көл облусунда – 13

- Жалал-Абад облусунда – 44

- Баткен облусунда - 37


Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 42507ни түздү.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн