Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 196 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-августтагы брифингде билдирди.
Анын маалыматына караганда, бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 345 адамды түздү.
Жаңы аныкталган учурлар:
- Бишкек шаарында - 35;
- Ош шаарында – 9;
- Чүй облусунда – 16;
- Ош облусунда - 34;
- Талас облусунда – 8;
- Нарын облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 24;
- Жалал-Абад облусунда – 49;
- Баткен облусунда - 18.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан адамдардын жалпы саны 42 703тү түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн