Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

20-июнда өзбек-кыргыз чек арасы боюнча комиссиянын жыйынын өткөрүү пландалууда

05.06.2020 09:49
1042
20-июнда өзбек-кыргыз чек арасы боюнча комиссиянын жыйынын өткөрүү пландалууда


Жогорку Кеңештин кечээ, 4-июндагы жыйынында депутаттар биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында катталган чыр-чатак тууралуу маалыматын укту.

 

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, маалымат алууну депутат Закир Шарапов демилгелеген.

 

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, чыр-чатак 31-майда саат 12:45те Чечме –Булак суусуна жакын жердеги аныкталбаган тилкеде, Кадамжай районунун Чечме жана Сох анклавынын (Өзбекстан) Чашма айылынын тургундарынын ортосунда болгон.

 

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосундагы бул булак кимге таандык деген талаш жаңжалга алып келген. "Ошол эле күнү тиешелүү чаралар көрүлүп, анын натыйжасында түнкү саат 11лерде абал турукташтырылды”, - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

 

Анын маалыматы боюнча, кыргыз тараптан  25 адам жабыркаган, алардын экөө оор абалда. "Жабырлангандар Айдаркен шаарында дарыланып жатышат, - деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр.


Ошондой эле Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри А.Арипов менен Баткен облусундагы “Чечме-Автоунаа” өткөрмө пунктунда болгон жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу да айтып берди. Бул жолугушуу 1-июнда өткөн. Анда тараптар чыр-чатакты ырбатпоо жана чек аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелерин талкуулашкан.


"20-июнда паритеттик негизде комиссиянын жыйынын өткөрүү пландаштырылып жатат. Анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери каралат”, - деп кошумчалады Кубатбек Боронов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн