Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстанга бөлүп берген "Синофарм" вакцинасы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Элчиликтин маалыматына караганда Кытай тарап бөлүп берген 150 миң вакцина 20-июнда транспорт үчүн даярдалып аэропортко жеткирилген. Ошол убактан бери аэропортто турат.
Вакцинаны жеткирүү үчүн ЮНИСЕФ эл аралык уюму жоопкерчилик алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн