Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

20 миллион сом “кускан” Эмил Жамгырчиев “Альянстын” сыймыгына айланганда

18.11.2021 13:50
772
20 миллион сом “кускан” Эмил Жамгырчиев “Альянстын” сыймыгына айланганда


Кыргызда “бок-жини аралашып калды” деген кеп бар. Анын сыңарындай, “Альянс” партиясындагы аксынгандардын арасынан кылмышка шектүүлөрдүн чыгып атышы эмнени билдирет? Мисалы, жаңы бийлик келгенден кийин каржы полициясынын экс-орун басары Эмил Жамгырчиев камакка алынган. Контрабанда,  коррупция боюнча кылмыш иштери козголгону, 50 миллион долллар пара алганы айтылып, ЖМКларга жарыяланганы эсиңердеби? Бирок, жыл башында Эмил Жамгырчиев 20 миллион сом мамлекетке “кусуп”, эркиндикке коё берилгени кабарланган. Күнөөсүн мойнуна алганыбы? Түрмөдөн чыйралып чыкканбы, айтор, түз эле саясатка аралашып, “Альянс” партиясынан депутаттыкка аттанган кербези. Мамлекеттик жогорку кызматтарды аркалап, байып, анан эл өкүлүнө айланып келүү амалыбы? Учурда “каарманыбыз” эл аралап, үгүт иштери менен алышып, “Альянстын” сыймыгы катары көч баштап жүрөт. Баракелде! Кыргызстанда баары боло береби?.. 

 

Булак: "Азия Ньюс" гезити 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн