Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

20 миңден ашык алкоголдук бөтөлкө мыйзамсыз сатылып жатканы аныкталды

24.02.2021 15:11
666
20 миңден ашык алкоголдук бөтөлкө мыйзамсыз сатылып жатканы аныкталды

Ош облусунда 20 миңден ашык алкоголдук бөтөлкө  мыйзамсыз сатылган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматынан кабарлады.


Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукциянын мыйзамсыз сакталгандыгын жана тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатылып жаткандыгы аныкталган.


"Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 миллион сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 20 миң 819 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдардын негизинде чаралар көрүлдү", - деп жазылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн