Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:21
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

20 млн евродон баш тарткан Саламаттыкты сактоо министрлигин эл душмандары башкарып жатабы?

20.01.2021 11:26
781
20 млн евродон баш тарткан Саламаттыкты сактоо министрлигин эл душмандары башкарып жатабы?


Коронавируска каршы АКШ чыгарган Pfizer аттуу вакцина дүйнөдө эң натыйжалуу болуп жатканы айтылууда. Көпчүлүк мамлекеттер дал ушул вакцина үчүн миллиарддарды коротуп өз жарандарын эмдөөдөн өткөрүүдө. Дүйнөлүк глобалдык фонд Кыргызстан үчүн дал ушул дарынын 1 млн 200 миң дозасын сунуштап, биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги кылчактап, андан баш таратканы маалымдалууда.


Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-январда “Биринчи радиого” маек берип жатып Кыргызстан аны кабыл албай жатканын айтты. Министр мырзанын шылтоосу муздаткычтардын жоктугуна барып такалат.


1 дозасы 16 еврого чамалаган бул вакцинага жете албай жүргөндөр канча. Кыргызстандагы ар бир калктуу пунктту тиешелүү муздаткычтар менен камсыз кылууга болгону 2 млн доллар керектелет экен. Эми Бейшеналиев ушул сумманын жок экенин айтып алакан жайып жатат. Бир эле Финполициянын орто звенодогу жетекчисинин мыйзамсыз байлыгы 4 млн долларга чамалап жаткан Кыргызстанда жалпы улуттун ден соолугу үчүн 2 млн доллар табылбай калды дегенге ким ишенет? Биз 2 млн тапсак алар бизге 20 млн долларга бааланган вакцинаны бекер эле берип жатат го. Мындай кадам элге каршы саясат эмеспи?

  

Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн