Теке 19, 2025
Убакыт: 16:59
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.110
1.135

“20 мүнөт” эрежеси – жашоону өзгөрткөн жөнөкөй адат

19.07.2025 12:17
28
“20 мүнөт” эрежеси – жашоону өзгөрткөн жөнөкөй адат


Каалаган ишиңизди баштоого, жалкоолукту жеңүүгө же мотивацияңызды ойготууга кыйын болуп жатабы? Анда “20 мүнөт” эрежеси сиз үчүн!


Бул эреже өзүңүздү мажбурлабастан, жашоого пайдалуу адаттарды калыптандыруунун жеңил жана натыйжалуу жолу. Идея жөнөкөй: өзүңүзгө “мен бул ишке болгону 20 мүнөт гана сарптайм” деп сөз бериңиз. Убакыт аз болгондуктан, баштоого жеңил сезилет. Ал эми эң кызыгы, көп учурда сиз 20 мүнөттөн кийин да токтоп калгыңыз келбей калат!


Мисалы:


- эгер күн сайын болгону 20 мүнөт спорт менен машыксаңыз, ден соолугуңуз үчүн санааркабайсыз;


- күнүнө 20 мүнөт медитацияга бөлсөңүз, чыгармачылык токтоп калуудан коркпойсуз;


- 20 мүнөттүк күнүмдүк тазалык үйүңүздү ар дайым иреттүү кармап турат;


- эгерде күн сайын 20 мүнөт жубайыңыз менен ачык сүйлөшүүгө арнасаңыз,  мамилеңиз бекем болот;


- күнүнө 20 мүнөт өз ойлоруңузду жазууга бөлсөңүз, ички үнүңүз менен байланыш бекемделет, жаңы идеялар жаралат;


- 20 мүнөтүңүздү кошумча киреше булактарын издөөгө жумшасаңыз, каржылык эркиндикке бир кадам жакындайсыз;


- эгер күн сайын 20 мүнөт эс алууга, дем алууга убакыт тапсаңыз, чарчоо сизден алыс болот;


- эгер күнүнө 20 мүнөт пайдалуу китеп окууга бөлсөңүз, билимиңиз тереңдеп, чеберликке жол ачылат.


Негизи, ар бир чоң өзгөрүү кичинекей кадамдан башталат. Сиз үчүн ал биринчи кадам – болгону 20 мүнөткө көңүл бөлүңүз. 


 Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн