Тогуздун айы 17, 2025
Убакыт: 17:52
USD
87.30
87.80
EUR
102.00
103.00
RUB
1.070
1.110

Шыкмаматов салыкчылардын образы жазалоочудан көмөкчүгө өзгөрүп жатканын билдирди

17.10.2025 15:08
53
Шыкмаматов салыкчылардын образы жазалоочудан көмөкчүгө өзгөрүп жатканын билдирди


Кыргызстанда салык инспекторлорунун ролу өзгөрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. 


Ал Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин координациялык кеңешинин 32-отурумуна катышкан. 


"Кыргызстанда салык инспекторлорунун ролу олуттуу өзгөрүп жатат. Мурда салык инспектору көзөмөл жүргүзүүчү, текшерүүчү катары кабыл алынса, бүгүн ал мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө, финансы системасынын туруктуулугунун кепили жана бизнестин өнөктөшү катары калыптанууда", — деди Шыкмаматов. 


Ал тарыхта салык кызматкери күч органдарынын өкүлү катары кабыл алынып келгенин белгилеген. 


"Мурда анын негизги милдети бюджетке кирешенин түшүүсүн камсыз кылуу болгон. Анткени ал учурда технологиялар чектелүү эле, салык төлөөчүлөрдүн мамлекетке ишеними төмөн болчу. Бүгүн биз таптакыр башка — диалогдун жана санариптик чечимдердин доорунда жашап жатабыз", — деди Салык кызматынын башчысы. 


Ал Кыргызстанда электрондук кызматтар, онлайн-кассалар жана тобокелдиктерди талдоо системасы активдүү киргизилип жаткандыгын, бул административдик жүктү азайтып, салык органдары менен ишкерлердин ортосунда ишенимдүү мамиле түзүүгө өбөлгө болорун кошумчалаган. 


Санкт-Петербургадагы отурумга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин делегациялары, Түркмөнстан, КМШнын Аткаруу комитетинин кызматкерлери, Россиянын өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин өкүлдөрү катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн