Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:33
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

20-октябрдан кийин Pfizer жана Moderna вакцинасы алынып келинет

20-октябрдан кийин Pfizer жана Moderna вакцинасы алынып келинет

Кыргызстанга жакында коронавируска каршы Moderna жана Pfizer вакцинасы келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө вакцинанын биринчи дозасын 876 миң 740, экинчи дозасын 662 миң 54 адам алды.


“Өлкөгө вакцинанын 3 млн дозасы келип, анын 1,5 млн дозасы колдонулду. Алар “Синофарм”, AstraZeneca жана “Спутник V” вакциналары. 20-октябрдан кийин Pfizer вакинасынын 259 миң дозасы, Moderna вакцинасынын 130 миң дозасынын келиши күтүлүүдө. Pfizer вакцинасын сактоо үчүн төрт муздаткыч даярдалды”, - дейт ал.


Ишенапысова эмдөөдөн өткөндөрдө үч күн аралыгында баш оору, дене табынын көтөрүлүшү байкалууда, бирок андан кийинки күндөрү абалы турукташып жатканын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн