28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого 20 партия каттоодон өттү. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет.
Маалым болгондой, бүгүн, саат 18:00дө партия жана бир мандаттуу округдан талапкер болгондорду каттоонун акыркы мөөнөтү аяктады.
Ага ылайык, парламенттик шайлоого 20 парития гана катыша турган болду. Эки партия керектүү документтерди айтылган убактан кеч алып келгендиктен каттоого алынган жок.
Төмөнкү 20 партия Жогорку Кеңеште 54 мандат үчүн ат салышат:
1. Улуттар Биримдиги»
2. «Ишеним»
3. «Альянс»
4. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»
5. « Кыргызстандын бирдиктүү патриоттук партиясы»
6. «Ата Мекен»
7. «Ыйман Нуру»
8. «Эл үмүтү»
9. «Азаттык»
10. «Ынтымак»
11. «Күчтүү регион»
12. «Бүтүн Кыргызстан»
13. «Аруузат – Эл Куту»
14. «Ата-Журт Кыргызстан»
15. «Мекенчил Эл»
16. «Ордо»
17. «Багыт"
18. «Улуу-Журт»
19. «Легалайз»
20. «Социал-демократ».
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн