Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

20 тонна көмүр, 44 үй-бүлөгө материалдык жардам. "Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмеси Нарын шаарынын тургундарына жардамы көрсөттү

06.01.2022 08:38
722
20 тонна көмүр, 44 үй-бүлөгө материалдык жардам.  "Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмеси Нарын шаарынын тургундарына жардамы көрсөттү


2022-жылдын 5-январында  Нарын шаарында "Кыргызстан жаштар ынтымагы" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү кайрымдуулук ишин кылышты.  Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, коомдук бирикме ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон 44 үй-бүлөнүн балдарына жаңы жылдык белек кылып жылуу, сапаттуу куртка, жууркан, 20 үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр, май, макарон, ун таратышты.


Коомдук бирикменин негиздөөчүсү Илимбек Аттокурович: "Мамлекет мага эмне кылды эмес, мен мамлекетке эмне кылдым"- деген ураандын негизинде түзүлгөнбүз.


Максатыбыз облустарда кыдырып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, карылар үйүнө, жетим балдарга жардам берүү жана эс алуучу жайларды салып, тургундарга жагымдуу маанай тартуулоо- деди.


"Кыргызстандагы жаштардын ынтымагын чыңдап , ошол эле учурда өсүп келе жаткан муунду кайрымдуулукка , патриоттуулукка тарбиялап , облустардын ынтымагы чыңдоо максатында өткөрүп келе жаткан иш-чараңар берекелүү болсун. Сиздердей патриот уул- кыздарыбыз көбөйсүн. Жылуу маанай тартуулап кеткениңиздерге ыраазычылык билдирем",- дейт шаар башчысы.


Эске сала кетсек коомдук бирикме 2018-жылы түзүлүп , 7 облустун кайрымдуу, патриот жаштары мүчө болуп кошулган. Азыркы күнгө чейин кайрымдуулук иштерин жасап келишет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн