Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:32
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

20 жыл мурда Кыргызстанга келген оогандыктар митингге чыкты

18.08.2021 12:29
2065
20 жыл мурда Кыргызстанга келген оогандыктар митингге чыкты

Бүгүн, 18 -августта, Кыргызстанга 20 жыл мурун келген Ооганстандын жарандары БУУнун Бишкектеги имаратынын алдында митинг өткөрүштү.

Алардын негизги талабы - Кыргызстандагы расмий качкын макамы, же Канадага же АКШга которуу.


Митингчилер бул өлкөгө 22 жыл мурун келишкени менен, Кыргызстан аларды "кабыл албаганын" жана качкын макамын бербегенин белгилешүүдө.


"Биз 22 жыл мурун келгенбиз, бирок бизди эч качан кабыл алышкан эмес, эч кандай уруксат кагаздарыбыз жок, ал тургай Кыргызстанда качкын макамыбыз жок. Ал эми биздин балдар ушул жерде төрөлүп, чоңоюшкан", - деди катышуучулардын бири.


Алар көйгөйүнө көңүл буруп, аны чечүүгө жардам бериши үчүн, акцияларын БУУнун имаратынын алдында башташты. Акцияны АКШ элчилигинин алдында улантууну пландап жатышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн