Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:38
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

200 сом үчүн кыйылган өмүр. Артында 2 уулу жана кош бойлуу жубайы калды

28.07.2020 14:58
1059
200 сом үчүн кыйылган өмүр. Артында 2 уулу жана кош бойлуу жубайы калды


Өзгөндө  Кара-Дарыянын жээгинен табылган 29 жаштагы жигитти өлтүрүп, денесин сууга ыргытып жиберишкен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, маркум Зергер айыл өкмөтүнүн 1991-жылы туулган тургуну болгон. Ал таксист болуп эмгектенип келген. Аны 200 сомго жалдаган белгисиз адамдар өлтүрүп, денесин Кемпир-Абад суу сактагычына ыргытып жиберишкен деген божомолдор бар.


Маркумдун апасы баласы 7 күн дайынсыз болгонун, сөөгү сегизинчи күн дегенде табылганын айткан. Жакындары маркумдун жүзү таанылгыс болуп калганын, өлүкканадан кийими жана тишинен таанышканын билдиришкен.


Маалыматка таянсак, 29 жаштагы жигит Өзгөн шаарында жашап, банктардын биринде күзөтчү болуп эмгектенчү. Анын 2 баласы бар жана жубайы кош бойлуу.


Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Өзгөн районунда 29 жаштагы жигиттин сөөгү Кара-Дарыянын жээгинен табылганын билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн