УКМК аткезчилик фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында, 2021-жылдын 22-декабрында “Чоң-Капка” контролдоп өткөрүү пунктунда дары-дармектерди жана уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылуу учурунда «Вольво» үлгүсүндөгү унанын айдоочусу КР жараны “М.М.К.” кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Унааны текшерүү учурунда, жалпы суммасы алдын ала 50 миллион сомдон ашык болгон, өсүмдүк майы түрүндөгү товарлар деп катылган, болжол менен 1500-2000 кутуча дары-дармектер жана 348 даана уюлдук телефондор табылды. Ошол эле учурда бул товарлардын түрлөрүнө тиешелүү документтери жок болуп, дары-дармектерди ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.
Бул унаа Россия Федерациясынан келип, Кыргызстандын түштүк аймактарын көздөй бара жаткан.
Учурда бул фактынын жагдайларын тактоо, контрабандалык жүктүн келип чыгышын жана чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн