5-январга карата Алматы шаарында коомдук абал толугу менен полиция кызматкерлеринин көзөмөлүнө өттү. Борбордук аянтта жана башкы көчөлөрдө топтолгон адамдар жок. Бул тууралуу Казакстандын ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-январдан 5-январга караган түнү массалык башаламандыктан 95 полиция кызматкери жабыркаган. ИИМдин 37 унаасына зыян келтирилген, айрымдары толук жараксыз абалга келген.
Нааразылык акциясына чыккан 200дөн ашык адам кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн