Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кимдер сурак берип жатат? (тизме)

27.04.2022 11:40
742
2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кимдер сурак берип жатат? (тизме)

Ош жана Жалал-Абад облусунда 2010-жылы болгон июнь коогалаңы боюнча кимдер сурак берип жатканын Башкы прокуратура билдирди.


Маалыматка ылайык, июнь окуясы боюнча териштирүү иштери уланууда.


Башкы прокуратура кимдер сурак берип жатышканын атады:


- Жалал-Абад облусунун ошол кездеги губернатору Бектур Асанов;

- Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев;

- Ошол кездеги Башкы прокурор Азимбек Бекназаров жана анын уулу Руслан Бекназаров;

- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ошол кездеги төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев;

- Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева;

- Апрель жана июнь окуялары боюнча комиссиянын башчысы Токон Мамытов;

- ИИМдин биринчи орун басары Бакыт Алымбеков;

- ИИМдин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков;

- Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов;

- Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев;

- Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Жээнбеков;

- УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Жаныбек Жоробаев.


Эске салсак, 26-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев да сурак берип чыккан. Ташиев 2010-жылы мамлекеттик кызматта болгон эмес.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн